Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду күбө катары сотко чакырышты

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу иш боюнча башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду күбө катары сотко чакырышты. Бул тууралуу соцтармактагы өз баракчасына өлүмгө шектелип жаткан Мелис Калыковдун эжеси Дамира Калыкова билдирди.

Анын айтымында, башкы прокурордун сотко келиши, ага сот жана прокурорлордун ишти негизсиз алып барып жатышкандыктарын өз көзү менен көрүп, ишенүүгө мүмкүндүк берет.

-Мен, Калыкова Дамира, Сизди 2019-жылы 3-4-сентябрда саат 10:00дө Ош шаардык сотуна Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун өлүмүнө байланышкан иш боюнча күбө катары чакырам.

Сизди прокурор-аңчылардын досу жана курсташы деп эсептешет. Ушул достукка байланыштуу, сизди фактыларды жана буюм далилдерин жашыруу боюнча айыптап жатышат. Сиздин сотко келгениңиз, өз аргументтериңизди келтирүү мүмкүндүгүн берет. Сиз бул жерде соттор жана прокурорлор кандай зомбулук жасап жатышкандыгын өз көзүңүз менен көрөсүз.

Баардык күбөлөрдү өзүбүз чакыруубузду, менин иним Мелис Калыковдун ишин угуп жаткан судья Кудаяров өзү бизден талап кылды. Ошондуктан баардык талаптар ага карата болуусу керек.

Судьянын айтымы боюнча, сотко келбей койуу, мажбурлап алып келүү менен аяктайт", - деп жазган ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД