2020-жылы Кыргызстанда баардык мектептер компьютер менен камсыз болот

2020-жылы Кыргызстанда мектептер 100% компьютердик техника менен камсыз болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, азыркы убакта Дүйнөлүк банк жана Евробиримдик менен тиешелүү жаңы долбоорлор талкууланууда.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан "Жаңы мектеп – келечектин мектеби" билим берүү концепциясын даярдоо билим берүүнү санариптештрүү алкагында ишке ашырылууда.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, республиканын мектептерин интернеттештирүү иштери аяктап калды, жаңы окуу жылында өлкөнүнүн мектептеринин 94% Интернетке туташтырылган.

Бүгүнкү күнү республиканын 2 106 мамлекеттик мектеби Интернетке туташтырылган. Дагы 31 мектепке спутник байланышы аркылуу Интернетке туташтырылат. Ушуну менен бирге Билим берүү министрлиги "Кыргызтелеком" менен бирдикте баардык мектептерди интернет менен камсыз кылуу үчүн бирдиктүү провайдерге которуу боюнча иш алып барууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД