Мамытканов: Бийликтин системасын жана философиясын өзгөртүү керек

Кыргызстанда реформа жүргүзүүнүн зарылдыгы бышып жетилди. Бул тууралуу VB.KG редакциясына экономист Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтымында, муну ишке ашыруу үчүн саясий элитанын психологиясын өзгөртүү керек.

-Биздин өлкөнүн эң чоң катачылыгы - саясий система да, мамлекеттик система да чыныгы элитаны жарата албай жаткандыгында болуп жатат. Мунун себеби акыркылар эң башкы маселени – биз кандай Кыргызстанды куруп жана мындан жыйырма жыл өткөндөн кийин эмнени каалай турганыбызды аныктай албай жаткандыгында, - деп белгиледи ал.

Президенттер мезгил-мезгили менен коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү жөнүндө билдиришүүдө, бирок, муну менен алар элди да, эксперттерди да тажатып бүтүштү.

-Мындай билдирүүлөрдү Аскар Акаев да, Курманбек Бкаиев да, Алмазбек Атамбаев да жасап келишкен, тактап айтканда, булар республикабыз эгемендүүлүк алган күндөн бери эле кайталанууда. Анткен себеби, бизде мамлекеттик система ушундай. Буга эми регионалдык трайбализм да кошулду. Демек, бийликке кайсы бизнес-элитаны алып келбе, эч кандай натыйжа чыкпайт. Алардын эч кимиси өлкө масштабында кандайдыр-бир экономикалык долбоордун секиригин көрсөтө алышпайт. Бирок канчалаган акчаларды чет жактарга чыгарып кетишти, бул түбөлүккө улана бербеши керек, муну бизде болгон революциялар ачык далилдеди. Ошондуктан тезирээк бийликтин системасын жана философиясын өзгөртүү зарыл. Анан муну цивилдик жол менен жасаган оң, - деп сөзүн жыйынтыктады Мамытканов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД