Садыр Жапаров уулун акыркы сапарга узатууга катышат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына жөнөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, ЖАМК басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин ЖАМКтын жетекчилигине жактоочу Садыр Жапаровду маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

-ЖАМК Садыр Жапаровдун өкүлүнүн өтүнүчүнө макулдук берүү чечимин кабыл алып, ага уулун акыркы сапарга узатууга катышуу мүмкүндүгү берилди, - деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Эске салсак, С. Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулу 22-августта саат 22:00 чамасында жол кырсыгына кабылып, Бишкектеги ооруканага жеткирилгенден кийин, ал 26-августта эртең менен оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД