Таласта өтүүчү Көчмөндөр оюнуна бюджеттен 30 млн сом бөлүндү

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюнунун ачылышы 15-сентябрда өтөт. Бул тууралуу, бүгүн, 26-августта, пресс-конференцияда Жаштар, дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агентствосунун директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, азыркы убакта жети облуста спорттун 10 түрү боюнча командалар түзүлүп жатат. Ат спорттук оюдары, мурда айтылгандай Талас шаарынын ат майданында өткөрүлөт.

Ушуга байланыштуу 200 орундуу ат майданында оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Архитектура жана курулуш мамлекеттик агентствосуна караштуу турак-жай курулушу Департаментинин директору Адилет Абдыкадыровдун маалыматы боюнча, бул ишти аткаруу үчүн бюджеттен 30 млн сом бөлүнүп берилген. Бул суммага ат майданын иретке келтирип, жарык линиясын өткөрүп, суугаруу, жашылдандыруу, чуркоочу жана көк-бөрү оюну өткөрүлчү талааны жаңылап оңдоо жумуштары кирет.

Маданият, маалымат жана туризм мимнстлигинин жетекчисинин орун басары Кайрат Иманалиев эске салгандай, спорттук иш чаралардан сырткары, Улуттук көчмөндөр оюнунун алкагында маданий бөлүмдү – театралдык оюндарды жана этнобазарларды уюштуруу пландаштырылууда.

Кичине көчмөндөр оюндары жыл сайын республикабыздын ар бир облусунда кезектешип өтүп турмакчы.

Эске салсак, Улуттук көчмөндөр оюндарын даярдоо иштери менен Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Ысык-Көлдө өткөрүп келген команда алектенет. IV ДКО 2020-жылы өткөрүү кезеги Турцияга берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД