Курсан Асановдун айдоочусу камакта калтырылды

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун айдоочусу убактылуу кармоочу жайда 28-октябрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди бүгүн, 25-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, тергөөнүн жүрүшүндө 23-августта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кылмыш ишке тиешеси бар документ жана башка буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берүүгө катышууга шектелип ИИМдин атайын багыттагы кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек кармалган.

Буга чейин Курсан Асановдун айдоочусу Пайзылда уулу Дамирбекке 23-августта Жазык кодексиндеги 43-берене (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жаткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД