Бишкекте алдамчы башка бирөөнүн батирин 23 миң долларга сатып жиберген

Бишкектин Октябрь районунун ИИБ кызматкерлери тарабынан алдамчылык менен батирди сатып жиберүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, 9-августта Октябрь РИИБге М.А. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, Г.И. аттуу адамга алдамчылыгы үчүн чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, 2019-жылы 5-июлда Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн Г.И. аттуу адам өзүн батирдин ээси катары тааныштырып, аны 23 миң долларга саткан. Жабыралуучу акчаны бергенден кийин гана батир курулуш компаниясына таандык экенин билген.

Бул факт КР Жазык кодексиндеги 204-берене (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 1971-жылы туулган Г.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүүдөн жабыркагандар 0(707)60-30-30, 0(551) 60-30-30 телефон номерлери же 102 кызматы аркылуу билдирсе болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД