Мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көбөйтүлөт

Кыргызстанда 1-октябрдан баштап мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдө өтүп жаткан августтагы педагогикалык конференцияда сөз сүйлөп жатып айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн алдына мугалимдердин айлыгын көбөйтүү маселесин койгон.

-Өкмөт бул тапшырманы аткарат жана үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан баштап мугалимдердин айлыгы 30% көбөйтүлөт. Мурда 20 саат сабак берип, 12 миң сом айлык алган мугалим эми 18 миң сомдон көп айлык алат, - деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү системасын реформалоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындан ары да мугалимдердин иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.

Ошондой эле өкмөт башчы педагогдорду жана билим берүү тармагынын кызматкерлерин алдыдагы жаңы окуу жылы менен куттуктап, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди чечүүдө өз ойлорун бөлүшкөндүктөрү үчүн мугалимдерге ыраазычылыгын билдирди.

.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД