Эколог Эмил Шүкүров 82 жашында дүйнө салды

Эколог Эмил Шүкүров 82 жашында узакка созулган оорудан дүйнө салды. Бул тууралуу анын туугандары билдиришти.

Эмил Шүкүров 1938-жылы 19-январда Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал белгилүү орнитолог, биология илимдеринин кандидаты, география илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, Нью-Йорк Илимдер академиясынын мүчөсү болгон.

Коомчулук аны мыкты адис, ар дайым экологиянын тазалыгы жана өз өлкөсүнүн гүлдөшү үчүн кам көргөн адам катары эсинде сактайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД