Саясат таануучу: Текебаев менен Бабанов конструктивдүү оппозиция болушат

Текебаев буюрса камактан чыгат жана акталат, анткени, бул чынында эле саясий заказ болгон. Мындай пикирди VB.KG редакциясына саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

Ал учурдагы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин акталышы жана "Республика" партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келиши капысынан болгон жок деп эсептейт.

Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышы менен, азыркы бийликтин саясат талаасында оппоненттери калган жок. Ошондой болгону менен белгилүү бир күчтөр түндүк-түштүк вектору менен абалды копшутууда жана күзүндө бул бөлүнүү ачык эле көрүнө баштайт. Анын үстүнө элдин бийликке карата социалдык-саясий абалга байланышкан нааразылыгы күчөп жатат.

- Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнүн эки жылы Ататмбаев менен каршылашуу, коррупцияга каршы күрөшүү менен өтүп кетти, ал эми экономикалык жактан өнүгүү жүргөн жок, тескерисинче иши оңунан чыкпай жатат. Азыр экономикалык жактан секирик жасоо мүмкүн эмес, бул үчүн Зеленский (Украинанын президенти – ред.) жасагандай системанын баарын алмаштырып, бийлик вертикалын сындыруу керек. Бирок, бизде Украинадан айырмаланып кландар бар, аларды кантип сындырасың. Ошондуктан Бабанов менен Текебаевдин алдында конструктивдүү оппозиция болуп, Атамбаевди колдогон элди өздөрүнө тартуу маселеси турат, - деп эсептейт Сариев.

Азыркы абал, Бабановдун суракка алынышы, автоунаасына камак салынуусу, Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсү мүмкүн жана буга бийлик каршы эмес деген сыяктуу жүрүп жаткан сөздөрдүн баардыгы – күн тартибин өзгөртүп, эл экономика көйгөйүн эмес, саясатты талкуулап жаткандыгы бийлик үчүн ыңгайлуу дейт эксперт.

Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов Алмазбек Атамбаевдей катуу кетпей, конструктивдүү оппозиция болушу керек. Ошондуктан алардын парламенттик шайлоого катышуусу боюнча бийликтегилер менен кандайдыр-бир келишим түзүп алышса керек деген ишеничте саясат таануучу.

-Ошентип туруктуулук орномокчу. Бабанов – түндүк, Текебаев – "саясий туткун" катары түндүктөн да, түштүктөн да колдоо табат. Жакында Бабановдун таза экендиги аныкталат (кылмыш иши козголгон беренелер боюнча айыптоолор алынат – ред.), анан ал өзүнүн экономикалык идеяларын баштап, эл өзү анын премьер-министр кызматына же анын кишисин, ошол эле Канат Исаевди сунуштайт. Текебаев бийлик үчүн баш оору болсо да, ал өз алдынча саясатчы, анын өз электораты бар, бирок, ал да тобокелдикке барбайт. Бул анын акыркы шансы. Азыр алар үчүн парламенттик шайлоо, өздөрүнүн күчтүү партиясы менен Жогорку Кеңешке өтүү маанилүү, - деп сөзүн жыйынтыктады Марс Сариев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД