Россиялык авиаторлор жергиликтүү цементчилер менен футбол ойношту

Кант шаарынын № 4 гимназия-мектебинин стадионунда, Россия Федерациясынын мамлекеттик желегинин күнүнө арналган мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Бул мелдешке 5 команда: россиялык "Кант" авиабазасынан эки, жергиликтүү цемент заводунан эки жана шаардын экинчи кичирайонунун спорттук командасы катышты.

Турнирдин ачылышында сөз сүйлөгөн, "Кант" авиабаза командалыгынын өкүлү майор Роман Пчелинцев Мамлекетти желек – улуттун моралдык баалулуктарын билдирген Мекенге берилгендиктин, эрдиктин, ар-намыстын символу болорун белгилеп, мелдештин катышуучуларына көп гол киргизип, жакшы оюн көрсөтүүнү каалаганын билдирди.

Баардык беттешүүлөр курч мүнөздө жана жолдоштук мамиледе өткөрүлдү. Авиабазанын футбол оюнчуларынын спорт аянтчасында башка командалар менен мындай атаандаштыгы биринчи жолу эле өткөрүлүп жаткан жок, мындай мелдештер бат-бат өткөрүлүп турат.

Бул жолку спорттук мелдеште жергиликтүү цемент заводунун командаларынын бири жеңишке ээ болду, экинчи орунга авиабазанын командасы, ал эми "коло" медалга экинчи кичирайондун футболчулары татыктуу болушту.

Жеңүүчүлөргө сыйлыкты "Кант" авиабаза штабынын начальниги подполковник Денис Сафонов тапшырды. Турнирдин мыкты оюнчуларына да белектер берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД