Милиция "Коопсуз шаардын" камераларын талкалагандарды издөөгө алды

Милиция 8-августтан 9-августка караган түнү Бишкек шаарында бейбашчылык кылууга шектүүлөрдү издеп жатат.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Свердлов РИИБге "Вега Оперейтинг Компани" ЖЧКнын өкүлү Н.А. арыз менен кайрылып, 9-августта болжол менен саат 1:30 чамасында атайын коомдук тартипти бузуп, Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде орнотулган "Коопсуз шаар" долбоорунун 2 камерасын талкалап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Мындан тышкары алар Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган төрт камераны талкалап кетишкен.

Ошондой эле Свердлов РИИБге Чүй проспектиси менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында орнотулган 7 камераны 9-августта болжол менен 00:30да талкалап качып кеткен белгисиз жарандар тууралуу маалымат түшкөн.

Свердлов РИИБге "Финанскредитбанк" ААКнын өкүлү Т.А. арыз менен кайрылып, 8-августтан 9-августка караган түнү аталган компаниянын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан мекеменин филиалынын терезесин сындырып качып кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Свердлов РИИБге ошондой эле 9-августта болжол менен саат 00:30да Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун "Хотон" үлгүсүндөгү кызматтык унаасы талкалангандыгы тууралуу рапорт түшкөн.

Аталган фактылар Свердлов ШИИБ тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбашчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тактоо иштеринин жүрүшүндө видеокамерадагы жазуулар аркылуу шектүүлөрдүн сүрөттөрү алынды.

Жогоруда аталган кылмыштарга катышы бар адамдарды аныктап жана кылмыш жообуна тартуу максатында, алардын бейбашчылыгынан жабыр тарткан жарандар же кандайдыр-бир маалыматы барлар 0771 141190, 0700 110077, 0556 155144, 0779 646155, 0550 102927, 0552 102471 телефон номурлары же "102" кызматы аркылуу байланышса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД