Адвокат Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип жатат

Юрист Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, 2018-жылы 19-сентябрда ИИМдин Тергөө кызматына Н.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Икрамидин Айткулов 5,5 миң долларын алдап алганы үчүн чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз Тергөө кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен катталып, материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Бул факт КР Жазык кодексиндеги 204-беренеси (алдамчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Башкы прокуратура материалдарды текшерип, кошумча текшерүү иштерин жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына кайтарып берген. Ушул жылдын 4-январында материалдар Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. 22-августта И.Айткуловго Жазык кодексиндеги 204-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирилген. И.Айткулов кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Икрамидин Айткулов Кой-Таштагы окуяга байланыштуу ИИМдин жетекчисинин орун басарлык кызматынан бошотулгандан кийин Курсан Асановдун жактоочусу болгон. Мурда ал президентке жана премьер-министрге тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, ИИМдин жетекчиси Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан четтетип туруу өтүнүчү менен кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД