И.Карамушкинаны массалык баш аламандыкты уюштурууга айыпташууда

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинаны 7-8-августтагы массалык баш аламандыкты уюштурууга айыпташууда. Бул тууралуу депутат Facebookтагы өз баракчасы аркылуу билдирди.

-Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мени КР Жазык кодексиндеги 244-беренеде (массалык баш аламандыкты уюштуруу) каралган кылмыш боюнча күбөдөн шектүүгө өткөрүп, элге акча таратып, атайын элди даярдап, кызматкерлерди сабоого буйрук берип, муну менен Жогорку Кеңештин депутатынын антын бузган имишмин... Мына, бүгүнкү бийликтин чыныгы жүзү! Эгер экс-президентке, экс-депутатка жалаа жаап, эч бир далил келтирбей туруп, камап салса болот экен да, анан көп жылдар бою мунун туура эмес экендигин далилдеп көр! Бул укуктун бузулушу жана бийликтин зомбулугу! - деп жазды И.Карамушкина.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД