АКШ мамдепартаменти коррупция менен күрөшүүдө Кыргызстанды колдоду

2019-жылы 21-августта Нур-Султан шаарында КР Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеокв АКШ мамлекеттик департаментинин катчысынын саясат маселеси боюнча орун басары Дэвид Хейп менен жолугушту.

Бул жолугушууда алар эки тараптуу актуалдуу маселелер боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдиришти.

Эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу макулдашууларына кол койуу боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүүгө кызыкдар экендиги тастыкталды.

Америкалык тарап Кыргызстандагы демократиялык жол менен тандалган институттарга жана мыйзам чегинде башкарууга, ошондой эле КР президенти Сооронбай Жээнбеков жүргүзүп жаткан коорупция менен күрөшүүдө колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.

Кыргыз тарап Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу маселеси боюнча кызматташууну улантуу ниетин билдирди.

Мындан тышкары инвестиция тартуу жагынан да кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД