Бабанов түшүп жүргөн автоунаанын тонировкасын алууга туура келет

"Республика" партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов түшүп жүргөн Lexus LX570 мамлекеттик номери В 7700 АА автоунаасынын алдыңкы айнегин караңгылатууга уруксат берилген эмес. Бул тууралуу ЖКККББ басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Ө.Бабанов УКМКда сурак берип жатканда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери "Лексус LX570" унаасына протокол түзүп, айып короого киргизишкен болчу. Ал эми айдоочуга 5500 сом айып салынган.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмү боюнча, айдоочунун алдыңкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде жөнөкөй кол менен, өнөр жайлык түрдө даярдалган же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу 3-категориядагы (5500 сом айып) айып пул салууга алып келет.

Өмүрбек Бабановдун айдоочусуна протокол жазылып берилип, учурда автоунаанын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринен күн нурунун өтүшүн Бажы союзунун техникалык регламентинин талаптарына ылайык аныктоо үчүн Экономика министрилигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борборуна, жиберилди.

Мына ушул экспертизадан кийин жана айып пулду төлөгөндөн кийин гана автоунааны алып кетүүгө уруксат берилет. Мындан тышкары уруксат берилбеген күңүрттөөчү пленканы алып салууга туура келет.

Маалымат үчүн:

Өкмөттүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 360 токтому менен алдыңкы жана каптал айнектери караңгылатылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмеси түзүлгөн.

1. Президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку соттун төрагасынын кызматтык унаасы;

2. УКМКнын 9-кызматынын президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку соттун төрагасынын кызматтык унааларын кайтарган жана коштогон унаалары;

3. "Кыргыз инкассациясы" жабык акционердик коомунун акча жана баалуу жүктөрдү ташыган атайын транспорт каражаттары;

4. Соттолгондорду жана камакка алынгандарды ташууга багытталган атайын кызматтык транспорт каражаттары.

Эске салсак, кече күнү Өмүрбек Бабанов күбө катары УКМК суракка чакырылган, ал түшүп жүргөн "Лексус LХ570" унаасын каптал айнегин караңгылатууга уруксат берилбегендиги үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери протокол түзүп, айып короого киргизишкен болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД