Бабановдун күбө катары статусу айыпталуучуга өзгөрүшү мүмкүнбү?

Президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келгенинен он бир күн тынч өткөндөн кийин, өлкөнүн бийлигиндегилер өздөрү жөнүндө эске салып жана ага болгон талабын билдирүүнү чечишти окшойт. Ошентип кече күнү "Республика" партиясынын мурдагы лидери "Кыргызстан" банкынын иши боюнча Финполицияда бир нече саат суракка алынды. Бүгүн ал УКМКга 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда Он-Адырда сүйлөгөн сөздөрү боюнча, азырынча күбө катары суракка чакырылды.

Бабанов өзү Финполициянын сурагынан чыккандан кийин журналисттерге, эч күнөөсү жок экендигин, ошондуктан "отургузбайт" деген ишеничте болоорун билдирди. Андан тышкары ал анын камалышынын аркасы менен, саясий абалды курчутуунун жана экономиканын начарлашынын эч кимге пайдасы жок экендигин белгиледи.

Саясат таануучу Марат Казакпаев анын мындай оюна менен макул эмес. Ал 7-8-августтагы Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын нааразылыгы басылгандан кийин, эгер Бабанов камакка алынган шартта да өлкөдө эч кандай жаңы саясий толкундоолордун болушу күтүлбөйт. Айтмакчы, камакка алуу жөнүндө айтсак, ал бүгүн болбосо да, эртең күтүлө турган иш, деген ишеничте эксперт.

-Ал фигурант катары өтүп жаткан Жазык кодексинин беренелери өтө олутуу, анын үстүнө ал жөн эле кетип калган жок, качып кетпедиби. Эми болсо уруксаты жок кайтып келип отурат. Албетте ал бийлик менен, президенттин өзү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылды, бирок, кийин билингендей эч натыйжа берген жок. Бабановду кезеги менен суракка чакыруулар күтүп жаткандыгы шексиз, бирок, жыйынтыгында ага айып тагышат жана кармашат, - деп VB.KG редакциясына өз оюн билдирди Марат Казакпаев.

Мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперт Шерадил Бактыгуловдун ою боюнча, ал Өмүрбек Бабанов фигурант катары өүп жаткан беренелер өтө олуттуу экендиги менен макул болот. Ага кошулуп, "Республика" партиясынын мурдагы лидерине НТС телекнаалы жана башкалар боюнча да суроолор бар, буларды президенттикке талапкер кезинде Сооронбай Жээнбеков да айткан. Айта кетсек, ал коррупция менен күрөшүүнү так ушул Бабановдон баштай тургандыгын да билдирген. Бирок ушуну менен бирге Бактыгулов "республикачылдын" пайдасына да аргументтерди келтирди.

-Ал өз ыктыяры менен Кыргызстанга келди, азырынча тергөөдөн жашынуу да оюнда жок, мыйзамдуулукту сактаган жаран катары суракка барууда. Дагы бир нюанс – Бабанов өлкөдөн Москвага, өзү айткандай дарылануу үчүн кеткен, ал эми кылмыш иштери ошондон кийин гана козголуп жатат. Тактап айтканда, ал тергөөдөн жашынган жери жоктой көрүнгөнсүйт, суракка алуу боюнча билдирүүлөрдү да алган эмес. Эгер Бабанов апрель айында кайтып келгенинде, аны кармашмак, азыр болсо Кой-Таштагы абалды эске алуу менен, укук коргоо органдары тобокелге салбай, мыйзам чегинде иш алып барып, кармаш үчүн жетиштүү негиздерди чогултууну чечишти көрүнөт. Антпегенде УКМК профессионалдуугу боюнча суроо жаралып, абал бийликтин пайдасына эмес жакка өзгөрүлмөк, - деп ой бөлүштү Бактыгулов.

Бабановдун күбө катары статусу айыпталуучуга өзгөрөбү, бул анын өзүнө байланыштуу – тергөөнүн баардык суроолоруна жооп бере алабы, мына ошондон билинет, деп эсептейт саясат таануучу. Эгер ал камакка алуудан кутулса, өз аброюн сактап калуу үчүн жаз айына чейин өзүн жакшы жагынан көрсөтүүсү зарыл.

-Андан кийин гана кезектеги шайлоолорго даярдануу керек. Мында маселе Бабановдун президенттик шайлоодо чынында эле азыркы президентке караганда көп добуш алганында. Бирок ага бул добуштун жарымын алууга "Өнүгүү-прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төөрөбаев жана "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаевдер жардам беришкен. Ал эми азыр Бабанов парламенттик шайлоодо болгону 10 -14 мандат ала турган болсо, бул анын стратегиялык жактан кыйроого учурашы катары бааланат, анткени ал баары бир президент болгусу келип жатпайбы, - деп сөзүн аяктады Бактыгулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД