УКМК: Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык

Азыркы убакта мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, Сапар Исаков күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарыланууну алып жатат.

Эске салсак, мурда маалымдалгандай, Сапар Исаков № 2 Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө 16-августта саат 16:50дө түшкөн. Ага моюндун тамырларынын кысылышы деген болжолдуу аныктама коюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД