Байыркы шаар урандыларында археологиялык казуулар сезону аяктады

Красная Речка байыркы шаар урандыларынын түндүк-батыш бөлүгүндө казуу иштерин он жылдан ашык убакыттан бери, КР УИА Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкерлери россиялык кесиптештери менен биргеликте жиргүзүп келүүдө. Ошол кезде бул иштерди жетектеп келген Асан Торгоевдин айтымында, 2010-жылы алар буддалык храмдын галереясын, кийин Будданын статуясынын калдыктарын табышкан.

Асан Торгоев – КРСУнун бүтүрүүчүсү, Валентина Горячеванын окуучусу, бир нече жыл мурда Россияга кетип, азыркы убакта Эрмитаждын илимпоздорунун Кыргызстанда иштеген илимий тобун жетектейт.

Кийинки жылы кыргызстандык-россиялык экспедиция бул жерден лотос позасындагы Будданын статуясынын калдыктарын казып жана тазалашкан. Эрмитаждын реставраторлору аны кылдаттык менен жабыштырып бекитишкенден кийин, бул статуя 2014-жылга чейин сакталып турган. Беш жыл мурда аны Тарых музейине жеткиргенден кийин, ал азыркы күнгө чейин ошол жерде жайгаштырылып турат. Реставрация аяктап, музей ачылгандан кийин, ал жакка баргандар адамдын боюнан бир жарым бийик Будданын статуясын көрө алышат.

Казуу иштери бүткөрүлгөндөн кийин, ал жер топурак менен толтурулуп, түздөлгөн. Бул иштерди жүргүзүү алдында археологдор казылган жайдын фотосүрөттөрүн тартып, ар бир деталдары сантиметрине чейин ченелген.

Красная Речка урандыларын байыркы шаар Навекат менен байланыштырышат (согдий тилинен которгондо "Жаңы шаар"). Бул араб-перс жан согдий булактарында белгиленген. Кийин Чүй өрөөнүндөгү Улуу Жибек Жолунда Ак-Бешим жана башка байыркы шаарлардын пайда болушуна караганда, бул шаар ушундай аталышы да мүмкүн.

Мурдагы кезде илимпоздор бул байыркы шаардын урандылары V кылымдын тушуна тиешелүү деп божомолдоп келишкен эле. Бирок, кийинки казуулар жүргүзүлгөн убакта КР УИА илимий кызматкерлери Валерий Кольченко менен Асан Торгоев, казуу учурунда табылган калдыктарга караганда, VIII кылымдын экинчи жарымына же IX кылымга тиешелүү болушу мүмкүн деп айтышууда.

Бул жылдагы казууларга КЭР археологдору да кошулду. Алар менен бирге кыргызстандык илимпоздор байыркы шаарчанын түндүк-батыш бөлүгүндө дагы бир монументалдык имаратты казышууда. Бирок ал жерде байыркы убакта эмне жайгашканы азырынча белгисиз. Эмдиги жылы бул жердеги казуулар улантылмакчы.

Айта кетсек, Красная Речка байыркы шаар урандылары – Чүй өрөөнүндөгү урандылардын эң чоңу болуп эсептелет. Анын борбордук урандыларынын аянты 1200х800 метрди түзөт, анын айланасында 5-10 км кичине шаарча-чептердин курулуш калдыктары жайгашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД