Баткенде Мелис Калыковду колдоо митинги өткөрүлдү (фотосүрөт)

Бүгүн Баткен облустук администрациясынын имаратынын жанында прокурорду өлтүрүүгө айыпталган Мелис Калыковду колдоо митинги өткөрүлдү. Бул тууралуу VB.KG редакциясына анын эжеси Калыкова Дамира билдирди.

Анын айтымында митингге 400дөн ашык адам катышкан.

-Митингге жергиликтүү укук коргоочулар, инимдин кесиптештери, биздин үй бүлө жана бул окуяга кош көңүл карабаган баткендиктер катышып, сөз сүйлөштү. Андан кийин күнөөсү жок адамды боштондукка чыгаруу талабы менен кол топтоп беришти. Документке 406 адам кол койду, - деди Калыкова.

Эске салсак, мурда Мелис Калыков соттун жана прокурордун негизсиз иш жүргүзүп жаткандыгына каршылыгын билдирип ачкалык жарыялаганга чейин барган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД