Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранованы КСДПнын катарынан чыгарышат

КСДПнын Кыргызстандагы райондук ячейкаларында депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Карамат Орозова жана Мурадыл Мадеминовду партиянын катарынан чыгарып салуу маселесин талкуулоо үчүн чогулушууда. Бул тууралуу VB.KG редакциясына КСДПнын лидери Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, бул адамдар көпчүлүктүн алдында жаманатты болушту.

-Алар Кой-Таштагы окуяларга катышып, чынында эле барымтага алууну, массалык баш аламандыкты жана киши өлтүрүүнү уюштурушту. Биз, КСДПнын мүчөлөрү, бул мыйзамсыз аракеттерге катышкан партиялаштарыбызга баа беришибиз керек. Ар бир райондук ячейканын мүчөсү азыр ушул маселени талкуулап, жогоруда ысымдары аталган депутаттарды партиянын катарынан чыгарып, депутаттык мандаттарын чакыртып алуу сунуштарын киргизишүүдө. Алар КСДПнын мүчөлөрү болууга татыксыз. Ошондой болсо да, баардык райондук партиялык ячейкалар Карамушкинанын, Кодуранованын, Орозованын жана Мадеминовдун аракеттерине баа беришкенден кийин, биз партиянын саясий кеңешинде акыркы чечимди кабыл алабыз, - деди Абдрахманов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД