Анталиядан Бишкекке башка бирөөнүн паспорту менен келген жаран кармалды

"Манас" эл аралык аэропортунун көзөмөлдөп-өткөрүүчү жайынан чек ара кызматкерлери башка бирөөнүн паспорту менен мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын (аял киши) кармашты. Бул тууралуу КР чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 1989-жылы туулган Кыргызстандын жараны Э.Э (аял киши) Кыргызстанга Анталия – Бишкек аба каттамы менен келип, паспорттук көзөмөлдөө жайынан өтүү учурунда 1979-жылы туулган Э.Нге тиешелүү паспортту көрсөткөн. Документти текшерүү учурунда чек арачылар паспортту көрсөткөн жарандын өңү-түсүнө документтеги фотосүрөт дал келбегендиги байкалган.

Кыргызстандын жараны Э.Э. кармалып жана тиешелүү документтер толтурулгандан кийин УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь айынан баштап июнь айына чейин мамлекеттик чек арадан 11 млн 600 миң адам жана 863 миң 638 унаа каражаттары өткөрүлгөн. Алардын ичинен 86 мамлекеттик чек араны бузгандар, 2 миң 364 адамдын документтери жараксыз экендиги аныкталып, 757 адам өлкөдөн чыгарып жиберилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД