Аида Салянова үй камагына чыгарылды

Аида Салянова тергөө менен кызматташууну каалагандыгын билдирди, ушуга байланыштуу мурдагы башкы прокурордун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мурда сотко чейинки өндүрүш ишинин жүргүзүлүшүнүн алкагында Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан Аида Салянова камакка алынган.

15-августта Аида Салянованы тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Бишкектеги СИЗО-1 мекемесинен ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген.

-Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жактоочунун катышуусунда Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосун билдирди. Буга байланыштуу жаңы мыйзамдар боюнча буга чейинки баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү, - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД