Бүгүн шаардык сотто А. Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн, 16-августта, Бишкек шаардык сотунда Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча отурум өтөт. Бул тууралуу мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүн саат 10.00дө өтө турган сот отурумуна Алмазбек Атамбаевди алып келишет.

-Бизге колдоо көрсөтүүнү калагандардын баарын чакырабыз! – деп жазат Жолдубаева.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта кармалып, алгач ИИМге, андан кийин УКМКга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга 26-августка чейин камалган.

Буга чейин Башкы прокуратура А.Атамбаев төмөнкү кылмыштарга шектелип жатканын билдирген: Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата күч колдонуу, массалык баш аламандык уюштуруу, адам өлтүрүүнү уюштуруу, адам өмүрүнө кол салууну уюштуруу, барымтага алууну уюштуруу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД