ЮНЕСКО Кыргызстандын балдар ансамблин Париждеги фестивалга чакырды

Билим берүү жана илим министрлигинин балдар жана өспүрүмдөр борборунун "Жылдыз" элдик ансамбли ЮНЕСКО тарабынан Париж шаарындагы (Франция) эл аралык фестивалга катышууга чакыруу алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

1987-жылы уюштурулган бул ансамблде 4 жаштан 18 жашка чейинки 150гө жакын балдар жана өспүрүмдөр бий менен машыгышат. 2009-жылы ансамблге "элдик" наамы ыйгарылган.

Ансамбль Россияда, Турцияда, Казакстанда жана Кипрде өткөрүлгөн ар кандай конкурстарга, олимпиадаларга катышып, жүздөн ашык ардак грамота, 31 кубок, Гран-при, биринчи орундар менен сыйланган.

Ансамблдин алмаштыргыс жетекчиси Наталья Быкова – Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги, эл аралык класстагы судья, "Кыргыз бийин өнүктүрүүгө кошкон салымы" үчүн медалынын кавалери, жүздөн ашык ардак грамоталар менен сыйланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД