Мелис Калыков ачкалык кармаганды токтотту

Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө айыпталып жаткан Мелис Калыков ачкалык кармаганды токтотту. Бул тууралуу VB.KG редакциясына ЖАМК басма сөз кызматынын катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, Калыков ачкалык кармоону 2 күн мурда токтоткон.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө айыпталып жаткан Мелис Калыков соттун жана прокурордун негизсиз иш алып барып жаткандыгына каршылыгын билдирип, мурда ачкалык жарыялаган.

Калыковдун жакындарынын айтымында, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча ишти карап жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяровдун өзүнө үч кылмыш иши козголгон. Ушул себептен айыпталган тарап судьяга ишенбөөчүлүгүн билдирип келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД