Равшан Жээнбеков: Өлкөдө саясий оппозиция болушу керек

Экс-депутат Равшан Жээнбеков камала турганын билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы өз баракчасына жазды.

-ИИМдин Тергөө башкармалыгы мени кармай турганын айтып, адвокатымды ала келүүнү эскертти. Алар "Барымтага алуу" беренеси боюнча камай турганын айтышууда. Менин жактоочум - Азимбек Бекназаров. Мени – демократиялык оппозицияны колдогондордун баарына рахмат айтам. Мен мыйзам алдында тазамын. Буга ошол күндөгү ММКда жарыяланган видеоматериалдар күбө", -деди ал.

Кийин Равшан Жээнбеков бийлик Атамбаевдин шылтоосу менен алардын баарын жок кылгысы келүүдө деп кошумчалады.

-Ар бир өлкөдө саясий оппозиция болушу керек. Мага окшогондорду камакка алышса да. Биз эркиндик, реформа, акыйкаттык жана демократия үчүн күрөшүүбүз керек. Бакубат өлкөдө жашагыңар келеби, анын баалуулуктары үчүн күрөшкүлө. Бийлик Атамбаевдин шылтоосу менен биздин баарыбызды жок кылууну чечти, - деп билдирди оппозициялык саясатчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД