Курсан Асанов министрдин орун басары кызматынан бошотулду

Бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин буйругу менен Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Малыматта белгиленгендей, "Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы тарабынан 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялардын жүрүшүндө массалык баш аламандыктарды алдын алуу, коомдук коопсуздукту сактоо, Алмазбек Атамбаевди кармап келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшү боюнча министрдин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

-Анын жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталып, Курсан Асановду министрдин орун басары кызматынан бошотуу тууралуу сунуш берилген.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү, - деп айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД