"Апрель" телеканалын колдоо боюнча кол топтоо башталды

Интернетте Кыргызстандагы сөз эркиндигинин укугун чектөөгө каршы петиция уюштурулду. Азыркы убакта бул электрондук документке 489 адам кол койду.

-2017-жылы "Сентябрь" телеканалы жабылган. 2019-жылы 9-августта сот "Форум" имаратынын мүлкүн камакка алып – "Апрель" телеканалынын иши токтотулду.

Бул имаратта жайгашкан башка ММК ишмердигине да кыйынчылыктарды жаратууда. Биз башыбыздан өткөргөн эки революциянын тажрыйбасы аркылуу, ММК эркиндиги болбосо, өлкөдө Эркиндик да Сөз да жок калаарын жакшы билебиз.

Мына ошондуктан биз бийликтегилер тараптан мындай кадамдын жасалышына такыр каршыбыз. Мындан эки жыл мурда Атамбаевдин президенттиги учурундагыдай эле, азыркы президент Жээнбековду мындай чечим өлкөбүздүн тарыхында бул бийликтин чоң катасы катары жазылып калаарына көңүл буруусун чакырабыз, - деп жазылат петицияда.

Документтин авторлору айыпталуучу УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилгендиктен, "Апрель" телеканалынын мүлкүн камакка алууга негиз жок деген ишеничте.

-Бүгүн биз баардыгыбыз экс-президентке карата сот акыйкаттык жана мыйзамдуу түрдө жүргүзүлүшүн күтүүдөбүз. Бирок мына так ушундай кезде биздин баарыбызга өлкөдө жүрүп жаткан абал тууралуу элибизге туура жеткирип жана ал өз баасын бере турган ММК керек, бул биздин өлкө үчүн абдан маанилүү.

ММК эркиндиги – бул биздин ар бирибизде каалаган убакта, каалаган булактардан жаңылыктарды угуу мүмкүнчүлүгүнүн бар болушу. Мына так ушул факт биздин өлкөнү башкалардан айрмалап турчу, мына так ушул себептен биздин өлкөнүн көрсөткүчү Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу эл аралык рейтингинде жогору болчу. Анткени биз ар дайым пикирдин көптүгү жана ММК көптүгү менен айырмаланып турчубуз.

Бүгүн "Апрель" телеканалынын мүлкүн камакка алууга негиз жок, анткени айыпталуучу УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Телеканалга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы боюнча айыптоолор коюлган жок. Саясий кризис болуп турган учурда "Апрель" өлкөдөгү окуяларды ыкчам көрсөтүп турган телеканалдардын бири болду.

Биз телеканалдын мүлкүн камакка алуу жана анын ишмердигин токтотуу чарасын – өтө эле негизсиз деп эсептеп, ал эми Конституцияга ылайык баардык чек коюулар мыйзамдын максатына жооп бериши керек деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу биз телеканалды камактан алып жана берүүлөрдүн кайра башталышын талап кылабыз".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД