Прокурорду өлтүрүүгө айыпталуучуну сотко "сүйрөп" келишти (видео)

Баткен облусунун прокурорун өлтүрүү боюнча сот 7 күндөн бери ачкалык жарыялаган айыпталуучу Мелис Калыковдун оор абалына байланыштуу башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу VB.KG редакциясына анын эжеси Дамира Калыкова билдирди.

Анын айтымында, Мелис Калыковдун буттары баспай калган.

-Биз аны сотко эмес, ооруканага алып барууну суранганбыз. Анын буттары баспай калганына карабастан, сотко сүйрөп келип отурушат. Мына алып келип, кайра алып кетишти, - деп түшүндүрдү Калыкова.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө айыпталып жаткан Мелис Калыков мурда соттордун жана прокурорлордун негизсиз иш жүргүзкөнүнө каршы ачкалык жарыялаган.

Калыковдун жакындарынын айтымына караганда, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча иш алып барып жаткан Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяровдун өзүнө үч кылмыш иши козголгон. Ошол себептен айыпталып жаткан тарап судьяга ишенбөөчүлүк билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД