Батукаевдин иши боюнча Индира Жолдубаеваны да жоопко тартышабы?

Экс-прокурор Индира Жолдубаевага каршы көрсөтүүлөр да берилди. Бул тууралуу Govori.tv басылмасына укук коргоо органдарындагы булактар билдирген.

Маалыматка караганда, бул көрсөтүүлөр мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу берилген. Индира Жолдубаева президенттин аппаратында сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмдүн башчысы болуп иштеп турганында судьяларга тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүсү мүмкүн деп белгиленет.

Ошондой эле Жолдубаевага каршы көрсөтүүнү 2013-жылы "кримтөбөл" Азиз Батукаевди бошоткон Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов берген.

Көрсөтүү берүүнүн ордуна Жапар Эрматовду үй камагына чыгарышкан.

Азырынча Индира Жолдубаеванын суракка чакырылаары белгисиз.

Эске салсак, Эрматов 2013-жылы 9-апрелде жаза мөөнөтү аяктай элек Батукаевди бошотуп жибергенден кийин, ага карата КР Жазык кодексинин 335-беренеси (Билип туруп сот адилеттигине жатпаган өкүм же башка соттук акт чыгаруу) жана 319-беренеси боюнча (Паракорлук) кылмыш иши козголгон.

Индира Жолдубева 2011-жылдан 2015-жылга чеийн президенттин аппаратында сот реформалары жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүн жетектеп келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД