Кыргызстандын окуучулары Бакудагы олимпиадада коло медалды жеңип алышты

Кыргызстандын мектеп окуучулары информатика боюнча өткөрүлгөн Эл аралык олимпиадага катышып, коло медалды жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандан барган үч мектеп окуучусу Бакуда өткөрүлгөн мектеп окуучулары арасында информатика боюнча 31-Эл аралык олимпиадага катышып, коло медалын жеңип алды.

Сыйлык орунуна Жамалов Өмүрбек, Жеңишбек уулу Талант жана Батыркулов Шабдан татыктуу болушту.

Команданын курамында төрт он биринчи класстын окуучулары болгон:

Жамалов Өмүрбек – Ысык-Көл облусундагы К. Карасаев атындагы лицейдин окуучусу;

Жеңишбек уулу Талант – Кадамжайдагы "Семетей" лицейинин окуучусу;

Батыркулов Шабдан – Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу;

Бакиров Мирбек – Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу.

Информатика боюнча Эл аралык олимпиада 1989-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат жана абдан кадыр-барктуу болуп эсептелет. Бул жылы анда 88 өлкөдөн 360 мектеп окуучулары катышты.

Мелдештин регламенти боюнча ар бир катышуучу беш саат ичинде үч маселе чыгарып жана уюштуруучулар тарабынан берилген шарт боюнча программа жазышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД