Адвокаттык экзаменди 34 талапкерден 6 адам ийгиликтүү тапшырды

Кече жакында Юстиция министрлигинде адвокаттык ишмердикти жүргүзүүгө укук берүүчү лицензия алуу үчүн кезектеги экзамен тапшыруу өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Чакырылган 34 талапкердин он сегизи гана экзаменге келип, компьютердик тестирлөө учурунда 6 талапкер экзаменди ийгиликтүү тапшырган.

Экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамдарга Юстиция министрлигинин комиссиясынын чечими менен бир айдын ичинде адвокаттык ишмердикти жүргүзүүгө укук берүүчү лицензия берилмекчи.

Экзаменди тапшыра албай калган талапкерлерге кайрадан тапшыруу мүмкүнчүлүгү алты айдан кийин гана берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД