Кийинки премьер-министр Бабанов болобу?

Кыргызстанга кайтып келген Өмүрбек Бабанов интеллектуалдык күчтүн уюлун түзүп, премьер-министр кызматына талапкер боло алат. Бул тууралуу VB.KG редакциясына саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек Токтогулович УКМК сурагына билдирүү алса, тергөөгө барып, аны менен кызматташат да, өзүнө коюлган күнөөлөрдү алдырып салууга аракет кылат.

-Бабанов ошентип экономиканын кыймылдаткычы болуп калат, анткени, Абылгазиевдин өкмөтү ушул күздө отставкага кетиши мүмкүн. Анын үстүнө акыркы эки жыл Атамбаев менен Жээнбековдун каршылашынын айынан бекер жоготулду. Бабанов регионалдык түшүнбөстүк маселесин да чечет. Бирок ал биринчи кезекте өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар менен алектениши керек. Ошентип саясат талаасында туруктуулукту камсыз кылган Жээнбеков жана экономика багытын жөнгө салуучу Бабанов - тандем түзүлөт. Бул саясий карама-каршылыктын градусун ылдыйлатып, Атамбаев факторун экинчи планга алып кетет. Анткени эми баардыгынын көңүлү Бабанов тарапка бурулмакчы, - деп белгиледи Марс Сариев.

Эске салсак, 9-августта "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди. Аэропортто аны Жогорку Кеңештин депутаттары жана жүздөгөн тарапташтары тосуп алышты. Азыр ал үй бүлөсү менен Талас облусундагы өзү туулуп өскөн айылында жүрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД