Ө. Бабанов: Жоопкерчилик баары бир бийликтин мойнунда болот

Кан төгүүнү токтоткула! "Республика" партиясынын уюштуруучусу Өмүрбек Бабанов азыркы президент Сооронбай Жээнбековду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эл менен укук коргоо органдарынын каршылашуусун токтотууга чакырды. Куугунтукка кабылган саясатчы өзүнүн кайрылуусун Factbookтагы баракчасына жазып, бир дагы кызмат орду бир тамчы канга татыбай тургандыгын билдирди.

-Урматтуу кыргызстандыктар, урматтуу Сооронбай Шарипович, Алмазбек Шаршенович! Биздин Кыргызстанда кайрадан кайгылуу окуя болууда. Жүрүп жаткан окуядагы жоопкерчилик баары бир бийликтин мойнунда болот, тилекке каршы, курмандыктар бар. Азыр каршылашуунун уланышына эч жол бербеш керек – ал жекелик чектен чыгып кетти, эми жарандык карама-каршылыкка өтүп кетет. Буга жол бербөө керек! Биздин элибиз 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүдө Акаевди жана 2010-жылы Талас менен Бишкектеги кан төгүүдө Бакиевди эч качан кечирбейт! Кайгылуу окуяны токтотуу керек, жөнөкөй эл жабыр тартып жатат! Кой-Таштагы эл да жана атайын кызматтын кызматкерлери да – биздин жарандар, биздин балдар, кыздар, байке-эжелер! Аларды алдыдагы өлүмгө түртүп жана тагдырын бузууга жол бербеш керек! Бул карама-каршылык мындан да жаман натыйжаларга алып келиши мүмкүн! Жеке кызыкчылыктар үчүн биздин элди курмандыкка чалууга болбойт! Бир дагы кызмат орду бир тамчы канга татыбайт. Мен мекендештеримдин арасында чагымчылык жана курмандыктар болоорун түшүнүү менен, апрелде Мекениме, өз элиме келе алган жокмун. Эми азыр жаңылыктарды окуп алып, жаным кейип турат... Ушуга кантип жол бердиңер?! Экөөңөрдү тең токтотууга чакырам, токтогула!!! Тынчтык жана биздин өлкөнү сактап калуу үчүн, биздин ага-эжелерибиз үчүн! Каршылашууга жол бербеш үчүн баардыгын жасоо зарыл. Атайын оперцияларды токтотуу керек! Бийликтегилер акылына келет деп ойлойм. Курман болгон жарандын туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Жараткан биздин элге тынчтык, элибиздин уулдарына – сабырдуулук берсин, - деп жазган Бабанов.

Соцтармактарда да Жоогорку Кеңештин депутаты, экс-президенттин макамын алып салуу боюнча мыйзамга түзөтүү киргизүүнүн демилгечиси Исхак Масалиев өз пикирин билдирген.

-Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу керек. Милициянын кызматкери курман болуп, тынч жашаган жарандар жаракат алышты. Ким өлтүрдү?!? Мына ушундан кийин кимдир-бирөөнү актоого болобу? Жок, жок, жана да жок! Жөнөкөй элди алдына коюп алганды үйрөнүп алыптыр... каргыш тийгир! – деген оюн айтты элдик депутат.

Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча анын пикирин коллегасы, КСДП фракциясынын депутуты Дастан Бекешев да колдоду. Ал дагы Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн жүргүзүлгөн атайын операция боюнча өз оюн билдирди.

-Үсөн Ниязбеков – "Альфа" атайын бөлүмүнүн командиринин орун басары курман болду. Мындай "атайын операцияны" жүргүзгөнү үчүн УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетүүгө тийиш, - деп эсептейт парламент депутаты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД