Солтон-Сары жайлоосуна жиберилген дарыгерлер кайтып келишти

Кече күнү кытайлык компаниянын 19 жумушчусу Нарын облустук бириккен ооруканасынан чыгарылып, Бишкектеги жеке клиникаларда дарыланууну улантууга жиберилди.

Бүгүн, 7-августта Солтон-Сары жайлоосуна жиберилген медициналык бригадалар, аларга кайрылган бейтаптар жок болгондуктан, шаарга кайтып келишти.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жайлоого барган медициналык бригадаларга 34 жергиликтүү тургун медициналык жардам сурап кайрылган. Алар негизинен башы ооруганы жана кан басымы тууралуу айтышкан, жаракат алганы боюнча кайрылуу болгон эмес.

6-августта кытайлык компаниянын 19 жумушчусу Бишкектеги жеке клиникаларда дарыланууну улантууну каалагандыктан, Нарын облусттук бириккен ооруканасынан чыгарылган.

Саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарына медициналык жардам көрсөтүү боюнча эч ким кайрылган эмес. Бүгүнкү күнү кытайлык компаниянын жумушчулары борборубуздагы жеке клиникаларда амбулатордук дарыланууну алышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД