Өкмөт: Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгон жок

Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгон жок. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

-Солтон-Сары кениндеги "Zhong Ji Mining Company" тоо-кен компаниясынын ишин токтотуу талабы менен чогулган элдин жүйөлөрүн угуп, бул маселени жеринде чечүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү аталган аймакка барышкан. Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин, компаниянын ишмердиги бир айга токтотулду (териштирүү иштери бүткөнгө чейин), - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымдагандай, бүгүнкү күндө Нарын облусунда абал туруктуу, эч кандай жол жабуу болгон жок. Коомдук коопсуздукту укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

Өкмөттө белгилешкендей, чогулган эл койгон талаптар аткарылганга чейин чогулган эл Нарын районундагы Кара-Чий айылында кала тургандыгын билдирүүдө.

Эске салсак, жергиликтүү жашоочулар Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining Company" компаниясынын ишин токтотуу талабы менен чыгышкан. 5-августта жергилктүү тургундар менен кытайлык компаниянын жумушчуларынын ортосунда чатак чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД