Солтон-Сары чыры: Жеңиш Разаков Кытайлык элчи менен жолукту

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда эки тараптын ортосунда Солтон-Сары кениндеги окуя тууралуу жана Кытай жарандары менен жергиликтүү тургундардын чатагын тезинен жөнгө салуу боюнча пикир алмашуу болду.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өкмөт инвесторлордун да, ошондой эле жергиликтүү калктын да кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн түшүнөт жана бардык талаштар укуктук негизде, турмуштук жагдайды саясий нукка бурбай чечилиши керек деп эсептей тургандыгын белгиледи. Жеңиш Разаков ошондой эле ички иштер органдары тарабынан окуянын чоо-жайын тыкыр, объективдүү иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгын, андан тышкары коомдук тартипти сактоо боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгын белгилеп өттү.

Эске салсак, Солтон-Сары кенинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Нарын облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү Аманбай Кайыпов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана башка тиешелүү минстрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү жүрүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД