Бишкектин паркында пониге ырайымсыз мамиле жасалганы байкалды (видео)

Түштүк магистралында жайгашкан паркта жаныбарларга карата ырайымсыздык менен мамиле жасалып жаткандыгы Бишкектин жашоочулары тарабынан байкалган. Мындай видео соцтармактарда пайда болду.

Интернет колдонуучусунун жазганына караганда, ал паркта эс алып жүргөн учурда темир ящиктин ичинен бирөөнүн каккылаганы угулган.

-Биз коркуп кеттик, анан карап көрүүнү чечип, жакын басып келдик. Анын ичинде аркан менен байланган пони бар экен. Темир ящик кичинекей болгондуктан, ал байкуш абдан кыйналып туруптур, жатканды мындай кой, бурулууга орун жок экен. Күндүн ысыгына карабай аны жетелешип акча табышат, ал эми түнкүсүн мына ушундай темир ящикке салып кыйнашат", - деп ал жазып жиберген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД