Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө айыпталган жаран ачкалык жарыялады

Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө айыпталган Мелис Калыков ачкалык жарыялады. Бул тууралуу VB.KG редакциясына анын эжеси Дамира Калыкова билдирди.

Анын айтымында, Мелис Калыков 2018-жылдын ноябрь айынын бери уланып келе жаткан милициянын, прокурордун жана соттун негизсиз жүргүзгөн ишине каршы мөөнөтсүз ачкалык жарыялады.

-Кече күнү Ош шаарынын судьясы Жолборс Кудаяров биздин адвокаттарды, журналисттерди жана биздин үй бүлө мүчөлөрүн сот залынан чыгарып жиберди. Менин инимди да сот залынан сүйрөп чыгарышты. Судьянын мындай аракетинин себеби биздин ага карата бешинчи жолу каршы чыгуубуз болду. Судья Кудаяров азыркы кезге чейин уланып келе жаткан 3 ири кылмыш ишинин фигуранты болуп саналат. Жалпы жонунан алганда жасаган кылмыш иши боюнча аны 82 жылга түрмөгө кесип жиберүүгө болот. Анан кантип ушундай судья эркиндикте жүрө алат?!" – деп суроо узатты ал.

Ошондой эле ал КР Акыйкатчысына кайрылып, анын тууганына жардам берүүсүн өтүндү.

-Сотмедэксперттери кетирилген каталар жөнүндө билдиришкен. Менин инимдин мылтыгы 20 калибрлик болгон. Мына так ушул куралдан ок атылгандыгы жөнүндө далил жок. Анын ордуна 16 калибрлик курал чыгып отурат. Прокурорлор менен башкы прокуратура үн катпайт. Тергөө иши бир тараптуу жүргүзүлгөн. Менин иним эч кандай көрсөтмө берген эмес. 12 томдуу иш менен тааныштыруу эч болгон жок. Мен КР Акыйкатчысы Токон Мамытовду бул маскаралык циркине токтоосуз киришүүгө чакырам, - деп билдирди Калыкова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД