Солтон-Сарыда митингге чыккандар бир нече талаптарды коюшту

Солтон-Сары кенине жакын жайгашкан Нарын районунун айылдарынын тургундары өкмөткө бир нече талаптарды коюшту. Бул тууралуу VB.KG редакциясына жарандык активистка, "Элет көйгөйү" коомдук уюмунун башчысы Марипа Алыйкулова билдирди.

Анын айтымында, митингге чыккандар азыркы убакка чейин тарап кетише элек.

-Биз эртең ал жерге барып, жер кыртышынын жана суунун үлгүсүн алалы деп пландаштырып жатканбыз. Эми абал башкага өзгөрүп кетти. Бизге телефон чалышып, эми эл өкмөткө такыр ишенбей тургандыгын айтышты. Ошол себептен алар бир нече талаптарды коюшту:

1. Солтон-Сары кениндеги абалды иликтөө үчүн коомдук-мамлекеттик комиссия түзүлсүн;

2. Эгер чыр-чатакка катышкан жергиликтүү тургундар камакка алына турган болсо, бүт аймакты көтөрөбүз;

3. Кенди иштетүүгө уруксат берилген лицензия кайтарылып алынсын;

4. Кендерди казып иштетүүгө 10 жылга чейин тыйуу салынсын деп, ал митингге чыккандардын айрым талаптарын айтып берди.

Активистка ошондой эле эмне үчүн Саламаттык сактоо министрлиги кытайлык тараптагылардын гана жабыркагандыгы боюнча маалыматты бергендигине таң калууда.

-Кыргыздар тараптан да бир топ адамдардын жабыр тарткандыгы боюнча мага кабар беришкен. Эмне үчүн Саламаттык сактоо министрлиги алар жөнүндө эч бир маалымат берген эмес? – деп суроо салды Алыйкулова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД