Прокурордун өлүмү: Мамажакыповду атканга чейин эле өлтүрүшкөн деп айтышууда

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлтүрүлүшүнө Баткен облусунун мурдагы УКС башчысы Мелис Калыковдон шек санашууда. Анын адвокаттары тергөө иштери туура эмес жүргүзүлүп жатат деген ишеничте. Анын үстүнө шек саналган адамдын тарапташтары өздөрү жүргүзгөн иликтөөсүндө, Калыков прокурорду өлтүрө алмак эмес деп айтышууда. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына айыпталуучунун кызыкчылыгын коргогон адвокат Сартбай Жайчыбеков айтып берди.

Анын айтымында бул иште тергөө иши жана эксперттер жашырууга аракет кылган бири-бирине дал келбөөчүлүктөр көп болууда.

-Жалпысынан алганда тергөө иши туура эмес жана бир тараптуу жүргүзүлүп жатат деген ойго алып келет. Калыковду кармашкан учурда, анын буюмдарын алышып, ошондой эле машинасын тинтип чыгышкан. Ушуну менен бирге прокурорлордун өздөрүн эч текшеришкен эмес. 25-28 күн өткөндөн кийин гана, аларды суракка чакырышкан кезде, экспертиза жасоо үчүн буюмдарын сурашкан. Мындай болбойт да. Жадакалса Баткен районунун прокурорунун машинасын текшерели десе, ал уруксат бербей койгон жагдай болгон. Ал тигилерге машинасынын ичиндеги травматикалык тапанчасын гана берип, ал эми машинасын текшерүүгө берген эмес. Ал эми машинаны текшерүүнү өлтүрүү болгон убактан 16 күн өткөндөн кийин гана жүргүзүшкөн. Буга чейин машинаны канча жолу тазалап жана жууп чыгышкан, аны эч ким билбейт да. Мынча убакыт өткөндөн кийин аны текшерүүнүн деле кажети жок болчу. Буюмдарын болсо 28-29 күн өткөндөн кийин алып отурушат. Сурак учурунда да бул прокурор эксперттерге буюмдардын жуулгандыгын же жоктугун текшерүүгө көрсөтмө бердим дейт. Эксперттерге мындай көрсөтмө бергидей ал ким өзү, бул учурда аны кызматынан четтетип коюшпады беле, - деди Жайчыбеков.

Облустун прокурорун өлтүрүүгө айыпталып жаткан адамдын адвокатынын интервьюсунун биринчи бөлүгүн VB.KG редакциясынын репортажынан көрсөңөр болот:


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД