АКШ Мамдепартаменти кыргыз милициясын усулдук китептер менен камсыз кылды

Кече күнү, 15-июлда, Ички иштер министрлигинде 2019-жылы январь айынан баштап күчүнө кирген Жазык кодекси боюнча жаңы окуу-усулдук материалдарды өткөрүп берүү протоколуна кол койуу аземи болуп өттү. Бул жөнүндө Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюму (IDLO) билдирди.

Маалымат боюнча, "Сотко чейинки өндүрүш иши" боюнча усулдук китеби жергиликтүү эксперттер тарабынан кыргыз жана орус тилдеринде 1000 экземплярда даярдалган. Бул долбоор АКШ Мамдепартаментинин баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча бөлүмү жана Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) филиалы тарабынан каржыланган.

-Министрликтин жана министрдин атынан АКШ Мамдепартаментинин бөлүмүнө усулдук китептерди басып чыгарууда каражат жагынан жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Укукту колдонуу практикасы жагынан биздин кызаткерелер бир топ кыйынчылыктарга туш келүүдө, ошондуктан бул методикалык китептер бизге суудай керек, - деди министрдин орун басары Курсан Асанов.

Эл аралык уюмдун (IDLO) директорунун орун басары Фред Хьюстон, бул уюм ИИМди колдоого жана келечекте ийгиликтүү кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

-Ар бир китептин ичинде электрондук версиясы бар жана ушул күз айларында киргизиле турган толуктоолор жана өзгөртүүлөрдүн негизинде, жаңы китептерди басып чыгаруу жеңил болмокчу, - деди Фред Хьюстон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД