Бишкекте акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлор иштей баштады

Борбордун мэриясы БУУ баңгизаттар жана кылмышкерлик боюнча башкармылыгы, Юстиция министрлиги жана Адвокатура менен бирге өнөктөш катары, Бишкек шаарынын калкына мамлекеттин кепилдигин берген акысыз консультациялык-укуктук жактан жардам көрсөтүүчү төрт борборду ачты. Бул жөнүндө мэриядан билдиришти.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Бишкек райондорунун администрациясы тарабынан бөлүнүп берилген имараттарда, адвокаттар социалдык кызматтар, жер боюнча талаш маселелерди чечүү, ошондой эле ар кандай укук бузуулар боюнча акысыз консультацияларды берип турушат.

"Бул борборлор Бишкек шаарынын мэриясы, адвокаттык коомчулук, юстиция министрлиги жана жарандык сектор менен үй бүлөлүк зомбулуктан коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмышкерликтин деңгээлин ылдыйлатуу боюнча бирдикте күч топтоого мүмкүндүк берет. Балдарды жана аялдарды коргоо, ар бир шаардыктын мыйзамдуу укугун ишке ашыруу жана алардын ар биринин жашоосу үчүн коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу Бишкек шаарынын мэриясынын жүргүзгөн негизги иши болуп саналат", - деп билдирет борбордун мэриясы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД