Кече күнү, 14-июлда, Аламүдүн районунун Байтик айылындагы Ала-Арча суусуна 1994-жылы туулган жигит түшүп кеткен. Бул жөнүндө ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул окуя жөнүндө кабар "112" кызматына билдирилгенден кийин, саат 20:25 чамасында издөө иштерине ӨКМ 6 куткаруучусу тартылган.
Бүгүн издөө иштери улантылууда.