КР Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

КР ИИМ Тергөө кызматы тарабынан "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча КР Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат. Бул иштин алкагында КР Коргоо кеңешинин экс-катчысы Табалдиев Бусурманкул Беркутовичтин жүргөн жери аныкталбагандыгына байланыштуу, ал издөөгө алынды.

Буга чейин Б.Табалдиев УКМКнын башчысы, Коргоо кеңешинин катчысы, Президенттик аппараттын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарын аркалаган.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД