Дастан Жумабеков Турциянын перзиденти менен жолугат

Бүгүн, 15-июлда, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумагуловдун жетекчилиги астында парламенттик делегациянын Турцияга расмий иш сапары башталат. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Дастан Жумабеков жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды, алардын ичинде Турциянын президенти Реджеп Эрдоган жана Улуу улуттук Кеңештин төрагасы Мустафа Шентоп менен өткөрө тургандыгы күтүлүүдө. Ошондой эле Дастан Жумагулов "15-июлда курман болгондорду эскерүүгө" арналган иш чарага катышат.

Мындан тышкары парламенттик делегация Изник шаарында жайгашкан "Кыргыз" мавзолейине барууну пландаштырууда.

Делегациянын курамына депутаттар Алмазбек Акматов, Искендер Гайыпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов киришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД