"Газпромдун" мектеби сентябрда өз ишин баштабайбы?

Бишкекте "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын каражатына курулган мектеп сентябрь айында өз ишин баштабай калышы мүмкүн. Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдиргендей, мэрия акыркы өткөрүлгөн кеңешмеде мектепти "Газпромдун" башкаруусуна өткөрүп берүү боюнча токтомдун долбоорун кайтарып алды. Ошондуктан эми мектеп кимге карайт жана ким тарабынан каржылана тургандыгы боюнча маселе ачык калууда.

БШК акыркы сессиясында мэрия мектепти өткөрүп берүү боюнча долбоорду кайтарып алды. Азырынча жаңы долбоор кароого алып чыгарыла элек, - деп жооп беришти басма сөз кызматынан.

Шаардык кеңеште такташкандай, эгер жаңы долбоор токтомун киргизген күндө да, депутаттар аны сентябрдан мурда карашпайт, анткени, алар август айынын аягына чейин жайкы каникулда болушат.

Ошол эле убакта мэриядагы булактар билдиргендей, жаңы документ даярдалып, депутаттарды кезексиз сессияга август айында чогултуп калуусу да мүмкүн. Эгерде алар долбоорду колдоп беришсе, мектеп өз эшигин 1-сентябрда ачат. Ошону менен бирге баардык тарапты канааттандыргыдай жана мыйзам чегиндеги жаңы вариант табылгыча, бул окуу жайы жабык туруусу да мүмкүн.

Эске салсак, "Газпром" компаниясы "Газпром – балдарга" социалдык-программасынын алкагында Бишкектин "Асанбай" кичи районунда 960 орундук мектеп курган. Жаңы мектептин заманбап имараты, жакшы инфраструктурасы, билим берүү жана интерактивдүү мүмкүнчүлүгү Кыргызстан үчүн жакшы белек болгон. Бирок, мектептин курулуш аяктап калган кезде, Бишкектин мэриясынын аны башкаруу мүмкүнчүлүгү жок экендиги аныкталган.

Ошондуктан бул окуу мектебин башкарууну "Газпромго" өткөрүп берүүү сунушу берилген. Компания бул мектепте – айына 22 миң сом төлөп окууну пландаштырууда. Анын 25% - бюджеттегилер үчүн, 10% - мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, 10% - аз камсыздалган жана көп балалуу үй бүлөлөр үчүн жана 5 % - таланттуу балдар үчүн калтыруу сунушу каралып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД