Эксперт: Тажикстан менен чектеш райондо курч абал сакталууда

Баткен облусунун Баткен районундагы Тажикстанга чектеш жерлеринде курч абал сакталууда. Бул жердеги абалды өз алдынча чечүү жана жаңжалды алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтердин укуктарынын жоктугу абалды күчөтүүдө. Бул жөнүндө бүгүн тегерек стол учурунда эксперт Марат Казакпаев билдирди.

-Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлүнө абалды көзөмөлгө алуу боюнча 100% укук берүү керек. Антпесе жакында Баткен районунда согуштук абалды киргизүүгө туура келет, - деп эсептейт Марат Казакпаев.

Анын айтымында, чек арачылар дайыма тажик аскердик бөлүктөрү менен чыр маселелерди чечүү менен алектенишүүдө. Жаңы жаңжалдар биринин артынан бири пайда болуп жатат.

-Азыркы өкмөттүн чек ара маселелерине көңүл бурбай жаткандыгы, анын отставкага кетүүсүнүн негизги себеби болуп калышы мүмкүн, - деп сөзүн жыйынтыктады Казакпаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД