КР окуучулары таэквондо боюнча Азиянын Кубогунда 18 медаль жеңип алышты

Ысык-Көлдө Азиянын Кубогу үчүн таэквондо боюнча ачык биринчилиги өткөрүлдү. Бул мелдеште Кыргызстандын мектеп окуучулары 18 медаль жеңип алышты. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр Улуттук борборунун 6 спортчусу, машыктыруучу В. П. Кимдин жетекчилиги алдында 10 алтын медаль, 4 күмүш жана 4 коло медалын жеңип алышты.

Бул мелдешке 16 азиялык мамлекеттерден келген спортчулар катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД